Кесиптештердин кээси жаңы конуштарга барган маршруткаларда кызыктуу окуялар көп катталат дегенинен улам "Ак-Ордо" жаңы конушуна каттаган 222-маршрутканын эң акыркы болуп токтогон жайына барып түшүп калдым.
"Диспетчер бул жакта. Кир, кирегой" деп айдоочулар мени темир контейнерге алып барышты. Көрсө, ал айдоочулардын ара-чолодо кире калып тамак ичкен ашканасы экен. Бирден-экиден келип курсактарын тойгузуп, кайра кетип жатышты. Саналуусу гана жаштар болбосо, көпчүлүгү жашы өтүп калган байкелер экен. Бир чыныдан чай ичкен соң диспетчер алардын жумушу тууралуу айтып берди.
— Жумуш убактыңар канчада башталат?
— Мен бул жерге таңкы саат 5:30да келем. Ал эми айдоочулар 6:00дө ушул жерде болуп калышы керек. Ар бирин жөнөтөөрдө унааларынын тазалыгын бир сыйра карап, анан убакытка жараша кетире берем.
— Маршруткалар канча убакытта бирден чыгат?
— Ар бир унаанын ортосунагы аралык 3-5 мүнөт. Бирок ортодон жүргүнчү салып, тыгында калып, ортолорундагы аралык кээде узарып кетет. Анткен менен коюлган убакыт негизинен сакталат.
— Жакында эле мен 500 сом айдоочуга берип, акчамды албай түшүп кетип калыпмын. "Кайра бербейт болуш керек" деп барган эмесмин. Мындай учурлар көп эле кездешсе керек?
— Ооба, мындай окуялар көп эле болот. Базардан келе жаткандардын баштыктары калып калат же окуучу балдар куртка, сумкаларын калтырып коюшат. Алардын баарын биз минтип чогултуп коюп коебуз. (Шкафта окуучу балдардын куртка, баштыктарын көрсөттү)
— Демек, жүргүнчүлөр бир нерсесин унутуп калса, анда дароо ошол маршрутканын диспетчерине кайрылышы керек экен да?
"Ой, бизде күндө кызыктуу окуя катталат" деген айдоочулардын "сөзгө чечени" маегибизге кошулуп кетти.
— Маршрутка айдап иштегениме 10 жылдан ашып калды. Башыбыздан ар түрдүү окуялар өттү. Баарына чыдап, жумушубуз жаккан үчүн иштеп жүрөбүз. Бир күнү бир аял документтерин унутуп чыгып кетиптир. Көрсө, ал бухгалтер экен. "Керектүү документтер бар болчу" деп ыйлап, ызылдап-тызылдап келди. Унаада калып калган оокаттарды биз диспетчерге берип коебуз да. Сумкасы жок болчу. "Милиция чакырам, таап бергиле" дегенинен ары айтсак да, бери айтсак да болбой койду. Ошентип ызылдаган боюнча кеткен. Бир күнү келиптир, "сумкамды жанымда отурган аял ала түшүптүр" деп кечирим сурап кеткен. Айрымдары жок нерсесин доолап абийирди аштай кетирген учурлар да катталат.
— Чөнтөк уурулары маршрутка айдоочулар менен иштешет деп айтып жүрүшөт…
— Негизи ууруларды сиздер байкап калган учурлар болобу?
— Андайларды байкасак биз деле салбай коймокпуз да. Алардын чекесине ууру деп жазылып турмак беле. Болгону топтошуп түшкөн жаш балдардан абайлаш керек. Алар бирөөнүн сумкасынын ачылып калганын же телефонун алууга оңой турганын байкап калса эле илип кетет. Ошондуктан ар бир жүргүнчү өзүнө сак болушу керек деп ойлойм.
— Жолуңар ар дайым шыдыр болсун! Жол эрежесин бузбагылачы…