БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди Достук ордени менен сыйлады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Сыйлык министрге Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алака-катнашты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн берилди.
"Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө, евразиялык аймактагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Абдылдаев Эрлан Бекешович Достук ордени менен сыйлансын", — деп жазылган маалыматта.
Абдылдаев 2012-жылдан бери тышкы иштер министри болуп эмгектенип келет.