БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Ош" аэропортундагы жаңы аэробекеттин ачылышына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
"Өкмөт башчы ушул эле иш чаранын алкагында тиешелүү кызматкерлер менен кезигип, "Ош" эл аралык аэропортундагы коопсуздукту камсыз кылуу жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча талкууга катышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Ош аймактык ветеринардык диагностика борборунун ишмердүүлүгү жана Араван — Ак-Буура каналындагы курулуш иштери менен таанышат.