Адам өмүрүн бул кандуу окуяны уюштурууга шектелгендердин катарында Кыргызстанда туулган, бирок Россиянын жарандыгын алган Акбаржон Жалилов дагы бар экени ЖМКда байма-бай жазылды. Адамзатка кыянатчылык кылып, террордук аракеттерди жасаган адамдардын дини жана улуту болбой турганын дагы бир жолу эскертким келет.
Кайгылуу каргаша… Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууда каза тапкандардын арасынан Жалиловдун да сөөгү чыгып, аны жакындары тааныды.
Германиядан баар тапкан Азизбек. Өзүнүн билими, жөндөмдүүлүгү менен чет жерден ийгилик жараткан мекендештерибиз көп. Алардын бири Германиянын Гамбург шаарындагы жеке мектептин менеджер-директору болуп иштеген Азизбек Турдалиев. Ал бөтөн жерде кантип иштеп калганын, ал жактагы билим берүү системасы тууралуу кенен айтып берген.
Арак ичпеген айыл. Алыскы Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын тургундары мындан ары такыр арак ичпей турган болушту. Себеби, тургундар жапырт түрдө дүкөндөрдөгү арактарды жок кылышты. Ылайым эле айыл жеринде арак ичпей эл иштерман болсун.
"Ташкент — Бишкек — Алматы" магистралдык газ түтүгү кантип курулууда? "Газпром" компаниясы көгүлтүр отту кен чыккан жерден колдонуучуларга чейин түз жеткирүү максатында газ өткөргүч түтүктөрүн жасап жатат. Буюрса газ куурлары толугу менен бүткөрүлгөндөн кийин Бишкектин, Чүй облусунун жана Казакстандын Алматы шаарынын тургундары үзгүлтүксүз газ менен камсыз болушат.
Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.32 (сатып алуу) жана 68.57 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.
Соңку сөз ордуна. Жамандыкты амандык жеңет. Бардыгыңыздар аман-болуңуздар деп Расул Үсөналиев.