БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ош шаарында апрель айынын аягында эки күнгө суу токтотулат. Бул тууралуу "Ошсууканал" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаарда суу түтүктөрүн жай мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 25-апрелден 27-апрелге чейин өлкөнүн түштүк борборунда таза суу убактылуу берилбейт.
Мындан улам "Ошсууканал" ишканасы калаа тургундарына сууну алдын ала камдап алууну эскертет.