Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Шейшембиде мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Работа ООО Управляющая компания Влад-Дом в Первомайском районе Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкекте жылуулук берүү канчага созуларын айтты
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө —2…-4 градус суукка жеткен үшүк жүрүп, абанын температурасы 0…5 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 3…8 градус жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда 2…7 градус, Нарында —3…-8 градус суук болушу күтүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларында болсо 7…9 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0