БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Чүй облусунун Петровка айылынан катылган героин табышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Билдирүүгө караганда, атайын жашырылган жерден 1,5 килограмм героин табылган. Бул баңгизаттар Петровкадагы №3 түзөтүү колониясындагы баңгизатка байланган соттолгондорго таратуу максатында даярдалганы маалыматта айтылат.
Милиция тергөө иштерин баштады. Ал эми УКМК учурда ИИМ менен биргеликте аталган фактыга тиешеси бар адамдарды издеп жатат.