Ат-Башыда мал издеп чыккан жаран кар көчкүнүн алдында калып каза болду

Жазылуу
Анын сөөгү бир күндөн кийин табылган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ат-Башы районунун Казыбек айыл аймагынын Шырыкты ички кыштоосунда 21-мартта мал издеп чыккан 47 жаштагы жергиликтүү жаран кар көчкүнүн алдында калып каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

22-март күнү туугандары жана малчылар издөө салып, саат 11:40 чамаларында анын сөөгүн табышкан.

Эске салсак, 12-14-мартта жааган кардан улам Ат-Башынын Ак-Сай аймагына кетчү жол жабылып калган. Жол ачылганга чейин ӨКМ аймакка өзгөчө кырдаал киргизген. Учурда жолду тазалоо боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0