БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жөө жүрүш маалында кармалган беш киши беш суткага камакка алынганын милициядан билдиришти.
Эскерте кетсек, сөз эркиндигин камсыздоону талап кылган акция бүгүн өтүп, коомдук тартипти бузуп, унаа кыймылына жолтоо болгону үчүн кармалгандар Свердлов РИИБине алып келинип, аларга карата “Жолду мыйзамсыз тосуу”, “Укук коргоо органдарынын буйругуна баш ийбөө” жана “Бейбаштык” беренелеринин негизинде административдик протокол түзүлгөн.
“Свердлов соту кармалгандарды беш күнгө камакка алуу чечимин чыгарды”, — деп айтылат маалыматта.
Колонна Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнө жеткенде милиция бир нече кишини кармап калган. ШИИБдин билдирүүсү боюнча акция катышуучуларына ага чейин коомдук тартипти сактоо жаатында бир катар эскертүү берилген.