БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түркиянын Анталия шаарында машыгууларын өткөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыргызстандык 23 футболчу башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен бирге 17-мартта учуп кетти. Курама команда ал жакта 25-мартка чейин болот.
Футболчулар Азия кубогу-2019 мелдешинин квалификациялык турниринин алкагында беттешке даярдык көрүшөт. Бишкекте 28-март күнү Кыргызстан менен Макао курама командалары оюн талаасында кездешет.