БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Аламүдүн районунда кампа менен кошо бир киши күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн таңга жуук Ленин айылындагы Алма-Ата көчөсүндөгү "Астория" соода комплексинин артында жайгашкан кампада өрт чыккан.
"Тилсиз жоодон диван, китептер, 25 чарчы метр жыгач пол күйгөн. Өрт болгон жерден 80-85 жаштагы европа улутундагы эркек адамдын күйгөн сөөгү табылды", — деп жазылат маалыматта.
Каза болгон жарандын өздүгү жана өрттүн себеби такталууда.