БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде австриялык бизнесмендердин делегациясы келет. Бул тууралуу КРдин Соода жана өнөр жай палатасы билдирди.
Делегацияны Австриянын Тышкы соода департаментинин директору Михаэль Ангерер жетектейт.
Иш сапардын максаты Австрия менен Кыргызстандын ортосундагы соода экономикалык кызматташууну сүйлөшүү болуп саналат. Ага 18 компаниянын өкүлдөрү кирет.