БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ат-Башы районун Ат-Башы айылында калың жааган кардан улам эки үйдүн чатыры түшүп калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 11-марттан 12-мартка караган түнү аталган аймакка кар калың түшкөн.
"Ат-Башы айылынын Чеч-Дөбө жана Абыкеев көчөлөрүндөгү эки үйдүн чатыры кардын салмагын көтөрө албай кулап калган",— деп жазылат маалыматта.
Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.