Дүйшөмбү күнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка караганда, туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге чейин жетет.

Цветение урюка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8-мартта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Абанын температурасы күндүзү Чүй өрөөнүндө —1…+4, Таласта —2…+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында 4…9, Ысык-Көлдө 1…6 градус жылуу болсо, Нарында —2…-7 градус суук болот.

Бишкекте аба ырайы түнкүсүн —2…-4 суук, күндүз 2…4кө чейин жылыйт.

Жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0