БИШКЕК, 1-март. — Sputnik. Кыргызстанда 8-март күнү күн ачык болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Кыргызгидрометтин метеобожомол бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова кабарлады.
Анын айтымында, аялдардын эл аралык майрамында шамал күтүлбөйт.
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн абанын температурасы 3 градуска чейин жылыса, күндүз 8 градус нөлдөн жогору болот.
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн 5 градус жылуу болсо, күндүз 12 градуска чейин көтөрүлөт.
Тоолуу Нарын облусунда түнкүсүн 20 градуска чейин суук болсо, күндүз 6 градуска чейин жылыйт.
Ал эми Ысык-Көл облусунда түнкүсүн абанын температурасы 8 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн 6 градус нөлдөн жогору болот.