БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Таласта бокс боюнча өлкө чемпионаты өркөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-марттан 27-мартка чейин 16-17 жаштагы өспүрүмдөр арасында бокс боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Анда спортчулар 15 салмак категориялары боюнча ат салышат.
Мелдешке өлкө аймактарынан 200дөй мушкердин келиши күтүлүүдө. Спорттук иш чара СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Кадыркул Дүйшөновдун жаркын элесине арналган.