Аталган айылдын тургундарына Бишкектин аймагынан жер берилиши мүмкүнбү? Дегеле Бишкекте бош жер калдыбы? Бул суроого Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жооп издеп көрдү.
Азыр Бишкек шаарынын аянты — 17 миң гектар
2000-жылдардын башында калаанын тегерек-четиндеги жерлер өзүм билемдик менен ээленип кеткен. Азыр алар жаңы конуштарга айланып, тургундар очор-бачар болуп калган кези. Бирок ал конуштарда жашагандардын санаасы тынч деп айтууга болбойт. Анткени, турак жайын салып алганы менен жер аларга таандык эмес. Демек, үйү да жокко эсе.
Бишкекте алты миңден ашык үй мыйзамсыз курулган
Азыр борбор калаада 47 конуш бар. Анын 42синде 2000-жылдан баштап 2010-жылга чейин мыйзамсыз курулган үйлөрдүн жалпы саны 6382ге жеткен. Алардын 1174ү — Ленин, 3356сы — Биринчи Май, 151и — Октябрь, 1701и — Свердлов райондорунда.
Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын директору Талант Иманкул уулунун айтымында, мыйзамсыз салынган 6382 үйдүн ичинен 2793 үйдү мыйзамдаштырууга таптакыр мүмкүнчүлүк жок.
"2010-жылы Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун негизинде мыйзамсыз курулган үйлөрдүн баарын инвентаризация кылганбыз. Ар бир үйдүн мүнөздөмөсү жана жеке делосу бар. Булардын баарын талдап чыккандан кийин кайсынысын мыйзамдаштырсак болот, кайсылары архитектуралык эрежелерге жооп бербей турганын тактап туруп Бишкек башкы архитектурасына жөнөткөнбүз. Алар 2793 үйдү бузуп салууга туура келерин айтышкан", — деди Талант Иманкул уулу.
Анын айтымында, 2012-жылы өзүм билемдик менен курулган үйлөрдү кантип мыйзамдаштыруу керектиги боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. Аны Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясы демилгелеген.
Бишкектин кайсы жеринде жашоо кооптуу?
Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, Бишкекте адам өмүрүнө кооптуу жерлердин бири — "Дордой-2" конушу. Анда 504 курулуш бар. Айылдын үстүнөн жогорку чыңалуудагы электр зымы, астынан Бишкек-Кант газ түтүгү өтөт. Ошондой эле бул конуш мусулман көрүстөнү менен ок атып машыгуу жайынын кайтарылган аймагына кирип калат.
Андан кийинки орунда "Ала-Тоо" жаңы конушу. Аталган аймакка 1940-46-жылдары Сибирь жарасынан өлгөн мал көмүлгөн саркофаг бар. Бул жерлерде жашоо адам жашоосуна өтө кооптуу болгондуктан, мыйзамдаштыруу мүмкүн эместиги айтылды.
Жеке менчикке таптакыр берилбей турган жерлердин катарын Селекционное айылынан арыраак жайгашкан ТЭЦ-2нин тегереги дагы толуктайт. Ал стратегиялык аймак катары саналат. Кайтарылуучу аймакка кирген жерлер 2005-2006 жылдары ээленип алынган. Маалыматка караганда, учурда 1800гө жакын үй курулуп калган.
Бул жерлерди басып алууга кантип жол берилген?
Бишкек мэриясы калаанын аймагы 2025-жылга чейин 25 миң гектарга чейин кеңейтилерин билдирди. Анткен менен ушул тапта шаардын аймагында менчикке берилчү бош жер калган эмес.