БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облостук соту баласынын көзүнчө аялды зордуктаган таксистке карата Тоң райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра карап чыгуу үчүн Ысык-Көл райондук сотуна жиберди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
2016-жылдын 30-ноябрында Тоң райондук соту таксистти төрт жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ушундан кийин социалдык тармактарда жаза өтө жумшак болуп калгандыгы боюнча нааразычылык жаралып, мындай чечим чыгарган сотту текшерүү боюнча демилге көтөрүлгөн.
Ал эми ушул жылдын январь айында иш облустук сотто каралары белгилүү болгон.
"Сот отуруму жабык режимде өткөрүлдү. Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Тоң райондук сотунун соттолуучуга карата өкүмүн жокко чыгарып, кайра кароого Ысык-Көл райондук сотуна жөнөттү", — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, былтыр жайында 33 жаштагы чүйлүк келин милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Балыкчыдан Бишкекке жетип алуу үчүн жалдаган таксинин айдоочусу жолдон унааны тоо тарапка буруп, эл жок жерден келинди беш жашар баласынын көзүнчө зордуктап салган.