БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Россиянын химия жана биология боюнча адистери жалбырактуу карагайдын ширесинен ракка каршы даба жана илдетке бөгөт койгон касиетти тааап чыкты. Бул туурасында РИА Новости Oncotarget журналына жарыяланган макалага шилтеме кылып жазды.
Жакында эле Москванын физика-техникалык институтунун окумуштуулары кадимки эле петрушка менен ашкөктөн ракты дарылоого негиз боло турган молекулаларды тапты.
Бул жылдын январында биологдор аны колдонуу боюнча биринчи кадам жасады. Алардын айтымында, аталган ооруга химиялык нур таасир бербей турган рактын бир катар клеткаларына карата колдонууга болот.
РФтин Илимдер академиясынын Москвадагы молекулардык биология институтунун өкүлү Алексей Москалев жана бир канча илимий жайлардын окумуштуулары мындай дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү, анын ичинен жалбырактуу карагайдын ширесин сынаганын айтышты.