БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Швециялык саясатчы кызматкерлерге иш ортосунда акча төлөнө турган тыным берип, ал убакыт ичинде үйүнө төшөк мамилесин жасап келүүсү керек деген сунушун айтып чыкты. Бул туурасында РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме кылып жазды.
"Секстин пайдалуу экендигин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Бул алака жубайлар арасындагы мамилени жакшыртышы мүмкүн", — деп айткан ал Эвертурнео Пер-Эрик Мускос аймагындагы шаардык кеңешинин мүчөсү.
Депутаттын пикиринде азыр аталган өлкөдөгү аял-күйөөлөрдүн көбү жетишерлик деңгээлде чогуу болбой келет. Ал сунушталган бул бир сааттык тынымды шведдер натыйжалуу пайдаланат деди ишенимдүү.
Coe-Rexecode институтунун маалыматына караганда, аталган өлкөнүн жашоочулары 2015-жылы 1685 саат иштеген. Европа аймагында булардан кийин иштермандыгы боюнча финндер менен француздар турат экен.