БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Салык кызматы февралдын аягына чейин бирдиктүү салык декларациясын түнгө чейин кабыл алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешелер, жер тилкелери жана мүлктөрү тууралуу салык органдарына отчет бериши керек.
"Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом, ал эми юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат", — деп жазылат маалыматта.
Декларациялык кампания тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.