ӨКМдин Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарына жөнөткөн гумжардам жетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин кар калың жааган Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарына жөнөткөн гумжардамды жетти
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кар калың жааган Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарына жөнөткөн гумжардамды жетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, 17-февралда ӨКМдин Оштогу бирдиктүү кампасынан кар калың жааган аймактарга жардам катары 120 даана шифер жана азык-түлүктөр жүктөлгөн эки КамАЗ автоунаасы чыгып кеткен.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кар калың жааган Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарына жөнөткөн гумжардам жетти. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамды ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов коштоп барган.

"Шифер, азык-түлүк жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берилди. Учурда ал бөлүштүрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Кар жолдо бараткан трактор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чаткал: калың кардын туткунунда калган 2 милиционер үйлөрүнө трактор менен жөнөштү
Белгилей кетсек, 17-февралда ӨКМдин Оштогу бирдиктүү кампасынан кар калың жааган аймактарга жардам катары 120 даана шифер жана азык-түлүктөр жүктөлгөн эки КамАЗ автоунаасы чыгып кеткен. Бирок Ала-Бука — Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусунда бороон болгондуктан бир автоунаа Таш-Көмүр шаарына, экинчиси Терек-Сай айылына кайтууга аргасыз болгон. 21-февралда жол ачылып, аба ырайы турукташкандыктан гуманитардык жардам белгиленген аймакка жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0