БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Эртең, 21-февраль күнү, Бишкекте "Россия — Кыргызстан: келечекке багыт алган өнөктөштүк (коопсуздук, экономика, гуманитардык кызматташуу)" аталышындагы эл аралык конференция өтө турганын "Евразийцы — новая волна" фондусу билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө аймактык коопсуздукту чыңдоодо кыргыз-орус кызматташуусунун мааниси, ЕАЭБ алкагында Кыргызстан менен Россиянын экономикалын өнөктөштүгү сыяктуу маселелер талкууланат.
Россия тараптан конференцияга Мамлекеттик Думанын Коргоо комитетинин төрага орун басары Виктор Заварзин, Эл аралык экономика жана эл аралык мамилелер институтунун өкүлү Елена Кузьмина, ал эми Кыргызстандан вице-премьер Олег Панкратов, ЖК депутаттары, министрлик менен ведеомстволордун өкүлдөрү катышмакчы.