БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында микробиология, иммунология жана вирусология боюнча эл аралык Олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Сынактын жыйынтыгы менен Башкыр мамлекеттик медицина университетинин студенти жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эки студенти биринчи орунду алышкан.
Ошондой эле байгеге илингендердин арасына Кыргыз орус-славян университетинин командасы, Ош мамлекеттик университетинин эки командасы бар. Андан сырткары Медакадемиянын бир командасы да байге алган.