БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Текебаевдин Бакиев менен жолуккандыгы тууралуу ушакты улуу трибунадан айтуу — уят. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов парламентте билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин КСДП фракциясынын депутаттары Узарбек Жылкыбаев, Ирина Карамушкиналар Текебаевдин Бакиев менен жолуккандыгы тууралуу маалыматты күч органдары текшериши керектигин айтышкан.
"Ар кандай маселелер учурунда Жылкыбаев менен Карамушкина тантыраган ушакты улуу трибунадан айтты. Ушактын казанын кайнатып жатасыңар. Аны айтпасаңар деле күч органдары текшерет. Элге уят болосуңар. Белиздей болуп эртең эле калп экени чыгат", — деди Шыкмамматов.
Эске сала кетсек, түрк маалымат каражаттары Өмүрбек Текебаевдин Кипрде Курманбек Бакиев менен жолуккандыгын кабарлашкан.