БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Курманбек Бакиев менен жолуккандыгы боюнча маалыматты УКМК иликтеп чыгышы керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин айрым маалымат агенттиктери Текебаевдин Кипрде Курманбек Бакиев менен жолуккандыгын жазып чыгышкан.
"Аталган маалымат боюнча коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Эгер сөз чын болуп калса, анда бул кадамды чыккынчылык деп айтар элем. Ошондуктан УКМК маалыматты тез арада текшерип чыгышы керек", — деди депутат.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевди президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү жөнүндө айткандары боюнча бүгүнкүгө суракка чакырган.