БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Порносайттардагы эскертүүлөргө Ички иштер министрлигинин тиешеси жок экендигин ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Эскертүүдө "ИИМ сиздин электрондук түзүлүштөн мыйзамсыз аракеттер жүргүзүлгөнүн аныктады. Кордоо, педофил, порнография камтылган видеолорду 18 жаштан ылдый курактагыларга көрүүгө тыюу салынган. Мыйзам бузгандарга 1000 сом айып пул салынат. Төлөөдөн баш тарткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат" деп жазылган.
Милиция мындай эскертүүлөргө эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, компьютерлер менен смартфондорго блок койбой турганын кошумчалаган.
"Бул алдамчылар колдонгон катардагы ыкма. Кайсы бир тараптардын акча которуу талабын орундатпоого чакырабыз", — деп министрликтен билдиришти.
Ушундай фактылар катталган учурларда Ички иштер органдарына кайрылуу керек.