00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ош: осмо коюп кашына, тебетей кийип башына. Кардан жасалган Аяз ата менен Аяз апа

© Фото / Сапар МаликовСнеговик сделанный жителем Оша
Снеговик сделанный жителем Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл аймактарга кардын калың жаашы бир катар көйгөйлөрдү алып келди. Ошентсе да кышында кардан түрдүү фигураларды жасап, балдарынын жана башкалардын көңүлүн көтөргөндөр дагы жок эмес.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ош облусунун тургундары кардын калың жааганынан пайдаланып Аяз ата менен "Аяз апа" жасашты. Ош шаарынын тургуну Сапарали Маликов мындай ой кар күрөп жатканда келгенин айтат.

"Кар күрөп жаткан учурда күн жакшы тийип турган. Анан эле 10-15 мүнөттүн ичинде кар киши жасап койдум. Даяр болгондо аны кичинекей уулума көрсөтүүгө шаштым. Балам Адилет да аябай кубанды", — деди ал.

© Фото / Сапар МаликовОш шаарынын тургуну Сапарали Маликов жасаган кар кишиси
Снеговик сделанный жителем Оша  - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын тургуну Сапарали Маликов жасаган кар кишиси
Маликов жасаган кар кишиси көп күнгө чейин жакшы турганын, кошуналары да көрүп аябай таң калганын кошумчалады.

Ал эми Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылынын тургуну Анарбай Тойгонбаев уулу менен кардан өзгөчө "Аяз апаны" кантип жасашканын мындайча айтып берди. 

© Фото / Тойгонбаев АнарбайОтуз-Адыр айылынын тургуну Анарбай Тойгонбаев "Аяз апаны" жасоого эки сааттан ашык убакыт кетирген
Фигура женщины, сделанная из снега жителем села Тогуз-Адыр - Sputnik Кыргызстан
Отуз-Адыр айылынын тургуну Анарбай Тойгонбаев "Аяз апаны" жасоого эки сааттан ашык убакыт кетирген

"Кар көп, тоголоктогондо жакшы жабышкандыктан чоң, өзгөчө кылып жасоону ойлодум. Оюма "Аяз апа" келди. Кандай болор экен деп кызыктым. Бийиктеп кеткенде стулга чыгууга туура келди. Бычак менен ашыкча жерлерин кырып, кемтиктерин уулум алып берген кар менен толтуруп тегиздедим. Каштарын, көздөрүн, топчуларын, "көйнөгүндөгү" орнаментти кара пленкадан, оозун кызыл пленкадан кыркып жасап орноттум. Кара материалдын кыркындыларынан чач жасап, үстүнөн жоолук салдык", — деди ал.

© Фото / Тойгонбаев АнарбайОтуз-Адыр айылынын тургуну Анарбай Тойгонбаев жасаган "Аяз апа"
Фигура женщины, сделанная из снега жителем села Тогуз-Адыр - Sputnik Кыргызстан
Отуз-Адыр айылынын тургуну Анарбай Тойгонбаев жасаган "Аяз апа"
Анын колдорун кадимки эле чыбыкты сайып жасап, колуна кол кап кийгизип коюшкан. Тойгонбаев "Аяз апаны" жасоого эки сааттан ашык убакыт кеткенин, сабактан келген кызы да аябай сүйүнүп, уулу экөө айланып ойношконун кошумчалады.

Ледяные статуи в центре Нарына - Sputnik Кыргызстан
Нарында Саякбай манасчынын айкели муздан чегилди
Тилекке каршы, "Аяз апаны" түнү менен жааган жамгыр бузуп, ал болгону гана 12 саат жашаган.

Белгилей кетсек, кардан түрдүү формаларды башка аймактын тургундары дагы жасашат. Мисалы, Нарын районундагы Учкун айылынын тургуну кардан Саякбай Каралаевдин айкелин, жолборстун, сааттын жана башка нерселердин фигураларын жасаган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0