Адилет өз ишинде карды колдонот. Алгач аны үйүп, андан соң үстүнө суу чачып тоңдуруп алгандан кийин түрдүү формаларды чегип түшүрөт. 22.12.2016, Sputnik Кыргызстан
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Адилет Кутпидин уулу быйыл бийиктиги эки метрге жеткен жаныбарлардын айкелин жасоодо.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Адилет Кутпидин уулу быйыл бийиктиги эки метрге жеткен жаныбарлардын айкелин жасоодо. Муну менен бирге бийиктиги 3 метр болгон саат мунарасын дагы жасап жатат. Айкелдер даяр болгондон кийин ал шаардын аянтына коюлат.
Адилет өз ишинде карды колдонот. Алгач аны үйүп, андан соң үстүнө суу чачып тоңдуруп алгандан кийин түрдүү формаларды чегип түшүрөт. Учурда ал улуу манасчы Саякбай Каралаевдин да айкелин жасап жатат.
"Саякбай Каралаевдин айкелин жасоого өзгөчө эмгек жана убакыт жумшадым. Анткени улуу манасчынын айкелин чампалап коюуга болбойт болчу. Колдон келишинче мыкты болсун деп болгон күчүмдү жумшап жатам", — деди Кутпидин уулу.
Белгилей кетсек, былтыр дагы Нарын шаарынын борбордук аянтына муздан чегилген маймыл менен пингвин коюлган эле.