Акылбек Жамангулов: "Манас" аэропортуна жакын аймактан 3 миӊ адамга жер берилген
"Манас" аэропортуна жакын аймактан 3 миӊ адамга жер берилген. Бул тууралуу РАЖ фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
"2005-жылы "Манас" аэропортунун экинчи тилекесине жакын аймактан 3 миӊден ашуун адамга жер берилиптир. Эгер алар турак жай кура баштаса, өтө кооптуу жагдай жаралат. Аларга башка аймактан жер бөлүп, абалды оӊдобосо болбойт. Атайын комиссия түзүп, иликтөө керек", — деди депутат.
Белгилей кетсек, буга чейин аэропорттун жанындагы Дача айылына учак кулап, 39 адамдын өмүрүн алган.