Сманбеков: залкарлардын сахна кийимдери четинен жоголуп бара жатат
Музейди колго алып, залкар актерлордун кийим-кече, буюм-тайымдарын чогултпаса, алар жоголуп кетип жатканын театрдын директору Темирлан Сманбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Быйыл театрдын 90 жылдыгын белгилегени турабыз. Ошого карата театрдын алдындагы музейди кеңейтүү үчүн каражат күтүп жатабыз. Учурда атактуу актерлорубуздун спектаклерде кийген кийим-кечектеринен тышкары, өздүк буюмдарын, сүрөттөрүн, документтерин изилдеп, чогултуудабыз. Антпесе алар жоголуп бара жатат”, — деди Сманбеков.
Ошондой эле ал көзү өткөн залкарларыбыздын эмгегин музей аркылуу элге көрсөтүү учурда аба менен суудай зарыл болуп жатканын белгиледи.