БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Мукай Элебаев өз күндөлүгүндө чыгармачылыгы, башка жазуучуларга болгон пикири жана күнүмдүк турмушу тууралуу жазган. Бул жолу жазуучунун күндөлүгүн барактап отуруп согуш, аялга болгон мамилеси тууралуу жазгандарын назарыңыздарга сунуштайбыз.
Бизде бир жаралып калган адамзаттар бар. Атак-наамга, мамлекет чөнтөгүнөн бекер тойлоого калганда жанга жеткирбейт да, оорурак мейнетке жадаса жумурай журт моюндап отурган жалпы кыйынчылыкка, милдетке келгенде тырмак учун тийгизгиси келбейт. Ушундайлардын элге берилген, адал кызматкер болушунан көрө, анык душмандын өзү болуп бериши журтка жүз эсе пайдалуу болор эле. 11/X 1941
Чоочун ишке даанышман да караңгы. 11/X 1941
Жүз жол уккан нерседен бир жол өзүң көргөн артык. Жүз жол уккан нерседен бир жол өзүң көргөн ишенимдүү. 13/X 1941
Турмуштун күчтүүлүгү шончолук нечен бир кайран жигиттер кор болот. Ушунда качып келген бир украйындык жигит үй таппай кор болуп жүрөт. Аттиң, дүнйө колумдан келсе… 13/X 1941
Кишиден турмуш акылдуу 15/X 1941
Сөгө турган өздөрү турса жазыксыз өзгөнү сөгүүдөн кайгылуу нерсе жок. 15/X 1941
Бизде ким атактуу болсо ошол халтурщик. (Мындайча айтканда халтурщиктер атактуу). 15/X 1941
Адам баласынын канчалык акыл-эси, кубаты текке чыгым болот! Ошонун барын оорду менен сарпкылса адамга дагы жарым өмүр кошулар эле. 15/X 1941
Мен ушу күнгө чейин жазуучу эмес, адабияттын тегерегинде жан багып жүргөн, искусствонун көлөкөсүнө келбеген кишилерди жазуучу деп атаандашып, ачуум келип, кур арам тер болуп жүрүпмүн. Бирок, ошолор өзүн да чын маанисинде жазуучумун деп келишти. Али да ошондой. Муну мен бүгүн түшүндүм. 15/X 1941
Мен аял жагынан өзүмдү кармай албаймын. Мындан бөлөк өмүрдүн кай жагына болсо чыдаймын. (Артыкча жокчулукка). 15/X 1941
Алар менин "гениальный" чыгармаларыма көзү жетип турса да жакшылык жагын бир оозангысы келбейт. Башкалар бирдемени будалай салса, ошол сагат журтка жар салып, айтарга сөз таппай аптыгып калышат. Мындан өткөн кыянат болбос! 17/X 1941
Согуш башталганына төрт ай. Тарых билбеген, адам айткыс окуя… Ушул заманда коомго кол кабыш кылбаган, жүрөгү сокпогон, ачынбаган, кенебеген жазуучулардыкы журт алдында кечилбей турган улуу кылмыш! Бетине сүрткөн кара көө. Бизде мындай адамдар барбы? Көп! 18/X 1941
Шаардан тойгонум ошончолук, кыштакка бир орноп алсам, экинчи өмүрүмдө кайра келбес элем. 21/X 1941
Түгөлбай, Аалылардын "жазуучу" болуп жүргөндүгү биздин адабиятчылар коомунун караңгылыгын, кала берсе искусство деген нерсени кордогондук, кыянаттык, мейли деп карагандыкты далилдейт. 23/X 1941
Бая күнү Токомбаев докладында журналдардан мисал алып, бир тобубузга сынтагып кеткен. Так ошол номурлардагы өзүнүн "чыгармаларын" бүгүн окуп отуруп мен жанымдан түңүлдүм.
…Не керек, жазуучулардын жоругуна менин ичим казанактай болду. Ошондо да кесибимден алагды болбоюн деп, бу күнгө чейин тиштенип чыдап келдим. 24/X 1941
Эркек асылы ар жерден, аял асылы элден (айылдан) табылат. 29/X 1941
Илгери Хорковдо адам өмүрүн узарта турган бир окумуштуу бар экен. Күндөрдүн биринде буга бир жаш жигит келет. Анда окумуштуу киши туруп:
— Сен абдан убагында келдиң. Жашың улгайып кеткен кезде келгениңде кечикмексиз. Жакшы болду. Эми буга киришүүнү алдында сенден бир аз сөз сурайын, — дейт экен.
— Сураңыз, — дейт жигит.
— Бопороз тартасыңбы?
— Жок.
— Жакшылык кыласыңбы?
— Жок.
— Ичимдик ичесиңби?
— Жок.
Ойлонуп туруп-туруп:
— Анда өмүр сүрүп эмне кереги бар?— дейт берки киши. Бу жерге күрөш менен эмгекти кошсо болмок. 4/X 1941
Арактан дүнйө мастыгы жаман. 5/XI 1941
Буту-колу майып бир кайырчыны көрүп, боорум ачып, иштеп отурган ишим көңүлүмдөн чыгып кетти. 7/XI 1941
Бирөөнүн сага кылган мамилесинен эмес, өзүнүн адат, мүнөзүнөн алып чечиш керек. 11/XI 1941
Биздин белсендүүлөр ЦКга, жогорку жайларга барса, өзгөлөр эмес, өз максаттары үчүн барып, өңгөнү жамандап, "материял" берип кайтат. 11/XI 1941
Басмадан ушунча болуп техника жагынан көңүлгө толгондой болуп бир да китебим чыгып көргөн эмес. Артыкча "Салам кат" купулга толбой калды. Мунун кээ бирин техника жагын өзүм ошондой жиберип коюп, соңунан өкүнүп калдым. "Карындашка" деген ыр мындай басылуу керек:
Эчтемеден жалтанба да кайгырба.
Мына заман,
Биз жасаган, бет алган.
Кайтпаган кайран абаң.
Нечен жолу
Күчтүү колу
Жоо сайып багындырган… (Калган бары ушундай болуп басылыш керек).
***
Жакшы чыгарма деген – окугандан тойбоо деген сөз. (Улуу, жакшы кишилердин өзгөдөн чоң айырмасы – алардын чыгармасын окугандан киши тойбойт. Сан ирет кайталап окуйт. 21/XII 1941
Бизде моюн күчкө сала турган жерде Жоомарт кыйын, айтыша турган жерде Кубанычбектен өтөрүбүз жок. Урусунда бул чындыгы бар сөз. Жеке бул эки киши эмес, бизде кай-кайсысы болбосун, бирөөгө акысын жедирбейт да, теңдигин жибербейт. Бирок ошол күчтү, ошол сөздү, ошол акыл айланы, жанталашты, намызды көркөм чыгармага салганың барбы? 19/XI 1941