Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Улуттук илимдер академиясында көп жылдардан бери сакталып келген белгилүү акын-жазуучулардын кол жазмасы менен тааныштырат. Жакында баалуу байлыктар электрондук вариантта сайтка жайгаштырылды.
Анда эмесе Касымалы Баялиновдун, Кубанычбек Маликовдун жана Аалы Токомбаевдин автобиографиясын окууну сунуштайбыз.
Баялинов өз биографиясын минтип баштаган.
"Касымалы Баялинов 1902-жылы, октябрь айында, Ысык-Көл областы, Рыбачы району, "Көк-Мойнок" деген жерде туулат. Атасы Баялы өз оокаты өзүнө жетерлик, 50-60 кою, 2-3 бодо малы бар чала сабат, динчил киши болгон", — деп өзү жазган.
Ал эми Аалы Токомбаев өз биографиясында мындай дейт:
Мен 1904-жылы Кемин районунда, Кайыңды деген жердеги кедей дыйкандын бүлөсүнөн төрөлгөм. (Кемин району Күреңкеев атындагы колхоз. Фрунза обласы). Мен Токомбайдын сегизинчи баласымын. Анын унаасы жана жери болбогондуктан эгин айдачу эмес. Эки уулу байларга койчу болуп, өзү башка майда балдары менен малдууларга саанчы болуп бекер иштеп, алардан бекер сүт үчүн жайында көчүп жүрө турган. Кышында өзү сыяктуу кедейлер менен Бай-Киш деген өзөндө кыштаар эле, — деп жазган.
Жазуучу Кубанычбек Маликов өмүр таржымалын мындайча баяндаган.
Мен, Кубанычбек Иманалы уулу – Маликов, 1911-жылы, март айында, азыркы Кант районунун Үч Эмчек айылында кедей кыргыздын үй-бүлөсүндө туулуптурмун.
Жазуучулардын автобиографиясы менен бул жактан толук таанышсаңыздар болот.
Мукай Элебаевдин 40-жылдагы күндөлүгү
"Узак жол" романын кимдер гана билбейт. Ошол чыгарманын автору Мукай Элебаевдин 1941-жылдары жазылган күндөлүгүн окугуңуз келеби. Согуш башталып турган учурда жазуучунун жүрөгүнөн кандай ойлор сызылып өткөнүнө чогуу күбө бололу.
"Бүгүн Ригадан бир жигит келди. Жазуучу экен. Орусча тантыр-мунтур, араң эле жаңсап, сомолоп түшүндүрөт. Ригадан бери бир жарым айча сандалып жүрүп араң жеткен окшойт.
— Мени менен кошо чыккандардын тил билгендери Кировдо, Сибирде иштеп калды. Мен тил билбеймин. Быякка жүрө бердим.
Бечарага боорум ооруду. Бир жерге орноштур деп Кубанычбекке айттым. Эгер колумда болсо ушул бечарага беш жүз сомумду да аябас элем. 16/VIII 1941
***
Кокус камалып калсам, ушунда бир топ жолдошторум менин актыгыма көзү жетип туруп эле, мен аттуу жерден өлгөнчө качар эле. Кайра мени каралаган кишиге кошулуп, сөгөр эле. 19/VIII 1941.
Жазуучу күндөлүгүн кириллица, латын жана араб алфавиттери менен жазган. Анын күндөлүгүнө көз салып отуруп, акылынын, билиминин тереңине баа бересиң.
Жазуучунун 1941-жылдары жазган күндөлүгүн бул жактан толук окуй аласыз.
Ал эми арабча окуй алгандар акын Молдо Кылычтын араб алфавити менен жазгандарын бул жактан карасаңыздар болот.
Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздын алгачкы интеллигенциясынын кол жазмалары, күндөлүктөрү менен тааныштырууну улантат.