Бекзат Осмонкулов: жатаканадан чыгарылгандар облустук сотко кайрыла алышат
Себеби сот чечимди жатакана ээси Алимбек Сарбалаевдин пайдасына чыгарган. Сарбалаев төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөн жашоочуларды жана туура эмес жүрүм-туруму үчүн айрымдарды батирлеринен чыгаруу боюнча сотко кайрылган.
Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов соттун чечими боюнча буларды билдирди.
"Чечим акыркы эмес, нааразы тарап апелляциялык негизде облустук сотко кайрылганга акысы бар", — деди ал.
Осмонкулов сот ишти карап, КР Жарандык кодексинин 222-беренесинин негизинде доогердин арызын канааттандырып, үй-бүлөлөрдү батирден чыгаруу чечимин чыгарганын кошумчалады.