Ош: кыштын күнү жатаканадан чыгарылган жалгыз бой энелер сотко нааразы

© Фото / Зульфия ТургуноваПроблема с жильем для жителей Оша
Проблема с жильем для жителей Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишти караган сот доогердин арызын канааттандырып, жашоочуларды батирден чыгаруу чечимин чыгарган.

ОШ, 1-фев. — Sputnik. Ош шаарында Черемушка кичи районундагы Урицкий көчөсүндө жайгашкан №2, №3 үй-бүлөлүк жатаканада жашаган 10дон ашуун жалгыз бой энелер турак жайсыз калгандыгына нааразы. Бул тууралуу алар Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Нааразы болгондордун бири №3 үй-бүлөлүк жатаканада жашаган Кализа Кыргызбаева жатакана ээси аны бөлмөсүнөн чыгарып салып, ар кайсы жерде баш калкалап жаткандыгын айтат.

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарында Черемушка кичи районундагы Урицкий көчөсүндө жайгашкан №2, №3 үй-бүлөлүк жатаканада жашаган 10дон ашуун жалгыз бой энелер турак жайсыз калгандыгына нааразы
Ош шаарында Черемушка кичи районундагы Урицкий көчөсүндө жайгашкан №2, №3 үй-бүлөлүк жатаканада жашаган 10дон ашуун жалгыз бой энелер турак жайсыз калгандыгына нааразы - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош шаарында Черемушка кичи районундагы Урицкий көчөсүндө жайгашкан №2, №3 үй-бүлөлүк жатаканада жашаган 10дон ашуун жалгыз бой энелер турак жайсыз калгандыгына нааразы
© Фото / Зульфия ТургуноваНааразы болгондордун бири №3 үй-бүлөлүк жатаканада жашаган Кализа Кыргызбаева жатакана ээси аны бөлмөсүнөн чыгарып салып, ар кайсы жерде баш калкалап жаткандыгын айтат.
Нааразы болгондордун бири №3 үй-бүлөлүк жатаканада жашаган Кализа Кыргызбаева жатакана ээси аны бөлмөсүнөн чыгарып салып, ар кайсы жерде баш калкалап жаткандыгын айтат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Нааразы болгондордун бири №3 үй-бүлөлүк жатаканада жашаган Кализа Кыргызбаева жатакана ээси аны бөлмөсүнөн чыгарып салып, ар кайсы жерде баш калкалап жаткандыгын айтат.
1/2
Ош шаарында Черемушка кичи районундагы Урицкий көчөсүндө жайгашкан №2, №3 үй-бүлөлүк жатаканада жашаган 10дон ашуун жалгыз бой энелер турак жайсыз калгандыгына нааразы
2/2
Нааразы болгондордун бири №3 үй-бүлөлүк жатаканада жашаган Кализа Кыргызбаева жатакана ээси аны бөлмөсүнөн чыгарып салып, ар кайсы жерде баш калкалап жаткандыгын айтат.

"Эки ай мурда жатаканага ижара акысын төлөгөм. Бишкек шаарына барып, кайра келсем жатакана ээси "үйгө ууру кирди" деген шылтоо менен буюмдарымды жүк сактоочу жайга киргизип салыптыр. Мени болсо батирден чыгып кет деп куугунтуктап жатат. Үйсүз көчөдө калдым. Балдарым башка жакта, өзүм башка жакта баш калкалап жүрөм", — деди Кыргызбаева.

Маалыматка ылайык, аталган жатаканада 120дан ашуун үй-бүлө жашайт. Батирди ижарага алган жашоочулар ай сайын бөлмөнүн аянтына карап 600 cомдон 1100 сомго чейин төлөшөт. Ал эми өткөн жылдын 11-ноябрынан баштап менчик ээси бааны 2000 сомго көтөргөн.

Вопрос о недвижимости в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Суткасына батир берүүнү тыюу кезектеги кемтик мыйзамбы
Өзүн Гүлипа Дооронова деп тааныштырган жалгыз бой эне жашаган бөлмөгө ижарага акысын төлөгөнү менен менчик ээси аларга акы алгандыгы тууралуу дүмүрчөк (квитанция) бербей тургандыгын айтат.

"Жатакананын ээси биз менен эч кандай келишим түзгөн эмес, акчасын алган учурда квитанция да бербейт. Чырдын баары ушунун айынан келип чыгууда. Сотко кайрылган учурда биз маалында батир акысын төлөп келгенибизди далилдей албай жатабыз", — деди Дооронова.

Ал эми имарат ээси Алимбек Сарбалаевдин жактоочусу Жусубали Батыркулов төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөн жашоочуларды жана туура эмес жүрүм-туруму үчүн айрымдарды батирлеринен чыгаруу боюнча сотко кайрылганын айтты.

"Учурда соттук териштирүү болуп жатат", — деди ал.

Гостиница бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саатына батир берүүгө тыюу салуу — ыпластыкка бөгөтпү же туризмге соккубу
Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов учурда бул жатаканада бөлмөлөрдү ижарага алып жашаган жалпы 16 үй-бүлөнүн үстүнөн жатакана ээси Сарбалаевден Ош шаардык сотуна арыз түшкөндүгүн тастыктады.

Ал сот ишти карап, КР Жарандык кодексинин 222-беренесинин негизинде доогердин арызын канааттандырып, үй-бүлөлөрдү батирден чыгаруу чечимин чыгарганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0