00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз каганаты учурунда жазылган уникалдуу рун жазуулары Алтайдан табылды

© Фото / Борис КиндиковДревнетюркский рунический надпись в Онгудайском районе Республики Алтай
Древнетюркский рунический надпись в Онгудайском районе Республики Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табылган таштын бетине Кыргыз каганаты дооруна таандык 68 рун тамгалары чегилген.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Тарыхчылар Борис Киндиков жана Айбек Чекурашев Алтайдын Онгудай аймагынан эң узун байыркы түрк рун жазууларын табышты. Жазуулар Кыргыз каганаты өкүм сүрүп турган 9-10-кылымдарга таандык. Бул тууралуу изилдөөчү Борис Киндиков Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Алар бетине жазуу чегилген ташты былтыр күзүндө Каракол (Алтай аймагы) өрөөнүндөгү Бичикту-Боом аймагына жакын жердеги Куттуу деп аталган тоолуу аймакка болгон изилдөө учурунда табышкан.

© Фото / Борис КиндиковТарыхчылар Борис Киндиков жана Айбек Чекурашев Алтайдын Онгудай аймагынан эң узун байыркы түрк рун жазууларын табышты
Тарыхчылар Борис Киндиков жана Айбек Чекурашев Алтайдын Онгудай аймагынан эң узун байыркы түрк рун жазууларын табышты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Тарыхчылар Борис Киндиков жана Айбек Чекурашев Алтайдын Онгудай аймагынан эң узун байыркы түрк рун жазууларын табышты
© Фото / Борис КиндиковЖакшы көрүнбөгөн тамгаларды компьютерден үстүнөн чийишкен
Жакшы көрүнбөгөн тамгаларды компьютерден үстүнөн чийишкен - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жакшы көрүнбөгөн тамгаларды компьютерден үстүнөн чийишкен
1/2
Тарыхчылар Борис Киндиков жана Айбек Чекурашев Алтайдын Онгудай аймагынан эң узун байыркы түрк рун жазууларын табышты
2/2
Жакшы көрүнбөгөн тамгаларды компьютерден үстүнөн чийишкен

"Балким биз чоң жазуунун бир бөлүгүн гана тапкандырбыз. Сынган жерин карасаң бул таш жалама зоодон урап түшкөн сыяктуу. Ташты изилдей келгенде бетине 68 рун тамгалары чегилиптир", — деди Киндиков.

Ал ошондой эле таштын бетине чегилген жазууда: "Түбөлүктүү аскага жазып жатам. Бул жердин ээсинен ден соолук жана узак өмүр сурайм" деп жазылганын белгиледи. 

© Фото / предоставлено Борисом КиндиковымИзилдөөчү Борис Киндиков
Историк-любитель Борис Киндиков - Sputnik Кыргызстан
Изилдөөчү Борис Киндиков

Киндиков чегилген жазуунун маанисин алтай жана кыргыз сөздөрүн салыштырып отуруп чечмелегенин билдирди.

Саймалуу-Таш улуттук паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саймалуу-Таштан алтын казуу: тараза ташында тарыхый эстеликтер жана экономика
"Хайа ташка бичидим. Эзен мөнкү болсун, ээлерден күч сурап жатам" (болжолдуу котормо). Бул жазууда түрк тилдерине жалпы мүнөздүү болгон сөздөр бар. Мисалы "эзен" (ден соолук), "мөнкү" (түбөлүктүү) "таш", "ээлер". Бул жазуулар Кыргыз каганатынын учуруна таандык, башкача айтканда монгол дооруна чейин жазылган", — деди изилдөөчү.

Киндиков күн жылыганда бетине чегилген таш табылган аймакка барып дагы изилдөө иштерин жүргүзүүнү пландап жатканын кошумчалады.

 

"Тоолуу Алтай аймагынан табылган эң узун рун жазуулары түшүрүлгөн ташты Онгудай айылындагы аймак таануу музейине же Андрей Викторович Анохин атындагы республикалык улуттук музейге берүүнү пландап жатабыз", — деди тарыхчы.

Кипрдеги Гирне Америка университетинин Түрк изилдөө жана таанытуу борборунун директору, профессор Кадыралы Конкобаев Борис (Барсбек) Киндиков (ал биз менен алтайча атым Барсбек деп таанышкан) тарабынан табылган таштагы жазуу тарыхый жагынан да жана маалыматтын камтылышы жагынан да баа жеткис табылга экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Петроглифы урочища Саймалуу-Таш - Sputnik Кыргызстан
Ачык асман алдындагы табышмактуу Саймалуу-Таш
"Борис Киндиковдун катышуусу менен биздин экспедиция Алтайдын Онгудай районундагы бардык жазма эстеликтерди, петроглифтерди ар тараптан изилдеп, өлчөп, фотосүрөткө тартканбыз. Барсбек Киндиковдун тике катышуусунда бул аймактан 10 жаңы жазууну да тапканбыз. Булардын бардыгы "Алтай Республикасындагы байыркы түрк жазуу эстеликтеринин атласы" деген мен шакирттерим Нурдин Усеев, Негизбек Шабданалиевдер менен чогуу жазган китепке кирген. "Атлас" 2015-жылдын аягында Астанадагы Эл аралык Түрк академиясы тарабынан түрк жана орус тилдеринде басылып чыккан. Алтай аймагынан 194 жылдын ичинде бардыгы болуп 1990-жылга чейин 90 жазуу эстелиги табылса, менин жетекчилигимдеги илимий экспедиция 2011-жылы бир эстелик, ал эми 2012-жылы мурда эч кимге белгисиз болгон 10 жазма эстеликтерди тапканбыз. Ошентип, 2014-жылга чейин 101 жазма эстелик Алтай Республикасынын аймагынан табылган", — деди Коңкобаев. 

Байыркы түрк жазма эстеликтеринин Түркология илимине белгилүү болгондорунун саны 700дөн ашты. 

"Булардын 450гө жакыны Байыркы түрк Енисей жазма эстеликтери деген ат менен илимде таанылган. Биздин "Атласта" ошол 101 эстелик жөнүндөгү бардык илимий маалыматтар камтылган. Андан бери да Барсбек Киндиков жана башкалар беш эстелик табышты. Булардын бардыгы Кыргыз каганаты доорундагы жазма эстеликтер. Демек, булардын байыркы кыргыздарга таандык экендиги бүгүн талашсыз", — деди профессор. 

Түркология илиминде Көк-Түрк каганаты, Уйгур каганаты жана Кыргыз каганатынын дооруна таандык 700дөн ашык Орхон-Енисей жазуу эстеликтери белгилүү. Алар орто кылымда (5-кылымдан 11-12-кылымга чейин) Орто Азиянын аймагында, анын ичинде азыркы Кыргызстандын территориясында болгон.

Жоголгон мал жандыкты көрсөтүп турган Баткендеги күзгү таш - Sputnik Кыргызстан
Жоголгон мал жандыкты көрсөтүп турган Баткендеги күзгү таш
Байыркы түрк рун жазууларын Борбордук Азияда 8-10-кылымдарда жашаган байыркы түрк уруулары колдонгон. Ал герман (немис) руналарынын формасында болгон.

Эң белгилүү байыркы түрк рун жазуу эстеликтери катары Билге каган жана анын бир тууганы Култегинге коюлган таш эстеликтер эсептелет. Ал Түндүк Монголиянын Көкшин-Орхон дарыясынын жээгинен табылган.

Орхон-Енисей жазуулары ошол учурдагы элдин бирдиктүү адабий тили катары кызмат кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0