Таштардын тегиз бетине чегилип түшүрүлгөн жазуулар, убакыттын өтүшү менен кээси байкалбай бара жатат. Окумуштуулардын айтымында, ачык асман алдындагы бул ажайып жерде ташка чегилген 10 миңден ашык сүрөт бар.
Таштагы жазуулар көчмөн калктын ошол убактагы жашоо-шартын чагылдырып турат. Ташка чегилген жазуулар азыркы убакка чейин сакталды.
Саймалуу-Таштагы петроглифтердин эң эскиси биздин заманга чейинки III-I кылымдарына таандык. Ошондой эле биздин замандын I-VIII кылымдарына таандыктары да бар.

1/12
© Фото / Влад Ушаков
Петроглифтер деңиз деңгээлинен 3000-3200 метр бийиктиктеги Фергана тоо кыркаларында жайгашкан.

2/12
© Фото / Влад Ушаков
Бул аймакты калың кар 11 ай бою каптап жатат.

3/12
© Фото / Влад Ушаков
Ташка чегилген жазуулар.

4/12
© Фото / Влад Ушаков
Жазуулар таштын жылмакай бетине чегилген.

5/12
© Фото / Влад Ушаков
Петроглифтер бир нече стилде чегилген.

6/12
© Фото / Влад Ушаков
Күн нуру чачыраган киши – ташка чегилген сүрөт.

7/12
© Фото / Влад Ушаков
Петроглифтер аркылуу ошол убакта жашаган элдин-жашоо тиричилигинен маалымат алууга болот.

8/12
© Фото / Влад Ушаков
Кишинин элесин чагылдырган жазуулар.

9/12
© Фото / Влад Ушаков
Окумуштуулардын айтымында, ачык асман алдындагы бул жерде 10 миңден ашык ташка чегилген сүрөттөр бар.

10/12
© Фото / Влад Ушаков
Ачык асман алдындагы петроглиф.

11/12
© Фото / Влад Ушаков
Ташка чегилген жазуулар азыркы убакка чейин сакталган.

12/12
© Влад Ушаков
Саймалуу-Таш ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданият мурастарынын тизмесине кирген.