https://sputnik.kg/20170128/tramp-akshga-kachkyndardy-kabyl-aluunu-120-kungo-toktottu-1031484650.html
Трамп АКШга качкындарды киргизүүнү токтотуп, талаптарды бир топ татаалдантты
Трамп АКШга качкындарды киргизүүнү токтотуп, талаптарды бир топ татаалдантты
Sputnik Кыргызстан
Бийликтен кеткен Барак Обаманын администрациясы 2017-жылы болжол менен 110 миң качкынды өлкөгө киргизүүнү пландаган. 28.01.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-01-28T13:46+0600
2017-01-28T13:46+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103148/45/1031484503_0:355:3500:2334_1920x0_80_0_0_08aae51cca18f5a8a0f199352743a11c.jpg
акш
сирия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103148/45/1031484503_0:134:3500:2334_1920x0_80_0_0_ead6419f9fbf6e754d46f34ec9771e8c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
басма сөзгө баяндама, дүйнөдө, жаңылыктар, саясат, акш, сирия, дональд трамп, барак обама
басма сөзгө баяндама, дүйнөдө, жаңылыктар, саясат, акш, сирия, дональд трамп, барак обама
Трамп АКШга качкындарды киргизүүнү токтотуп, талаптарды бир топ татаалдантты
13:46 28.01.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бийликтен кеткен Барак Обаманын администрациясы 2017-жылы болжол менен 110 миң качкынды өлкөгө киргизүүнү пландаган.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп кечээ Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жана өлкөгө кирүү эрежелерин татаалдаткан Жарлыкка кол койду. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Трамптын сөзүнө караганда "экстремалдуу тандоо" деп аталган бул документин максаты — "радикалдашкан мусулман-террочуларды" өлкөгө киргизбөө.
Пентагондо аталган Жарлыкка кол койгон иш-чараны Американын бардык телеканалдары түз алып көрсөттү.
"Бул чет элдик террорчулардын келишинен биздин мамлекетибизди коргоо", — деп айтты Трамп.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, финансылык жыл башталгандан тарта, тагыраагы 2016-жылдын октябрынан бери АКШ 30 миңден ашуун качкынды кабыл алган. Белгиленген жылдын аягына чейин дагы 20 миңди кабыл алмак.
9 Жетинин айы 2016, 15:50
Ал эми бийликтен кеткен Барак Обаманын администрациясы 2017-жылы болжол менен 110 миң качкынды өлкөгө киргизүүнү пландаган. Өткөн жылы АКШ өзүнүн аймагына жалпысынан 85 миң бозгунду жайгаштырса, ага чейинки үч жыл ичинде бул сан 70 миңге чейин жетип турган.
Трамп жаңы Жарлыгында кабыл алынган качкындарды жайгаштыруу чечимин кабыл алууга округ менен штаттарды катыштырууга мүмкүнчүлүк берди. Буга чейин бир катар штаттар бозгундарды жергиликтүү бийликтин каалоосуна карабай жайгаштырып койгону үчүн Обаманын администрациясы менен соттошуп келген.
Трамп бул документте АКШнын сириялык качкындары кабыл алуусуна белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салды.