00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Кыргызское кино: покоряя международные фестивали и сердца зрителей
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
12:05
44 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Утро хорошего дня
Кыргызское кино: покоряя международные фестивали и сердца зрителей
06:04
46 мин
Күн башат
"Манас" эпосу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр кирет — максаты, мазмуну кандай болот?
07:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Необычные специальности и работа мечты: о профессиях, о которых мечтали в детстве
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Кыргызстанда 12 жылдык окууга өтүү концепциясы бекитилди — эмне өзгөрөт, максаты кандай?
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Как будет проводиться первое исследование свинца в крови у детей в КР?
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Билим берүү мекемелеринде буллинг жана кибербуллингге каршы күрөш жүргүзүлөт — ата-эненин жоопкерчилиги жогорулайбы?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан өлкөдө катталып, чет мамлекетте иш алып барган компанияларды текшерүү укугу бар
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить легкие здоровыми: ответы врача
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин макроэкономикалык көрсөткүчтөрү кандай? — кооперация жана технологиялык кызматташуу, санариптешүү артыкчылыктуу багыт
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Тема дня
Искусство карикатуры в Киргизской ССР: юмор на службе Победы
18:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
48 жыл мектепте иштеген Чыңгыз Айтматовдун биринчи мугалими Дүйшөн
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
Политические вызовы Молдовы и Грузии: беседа с ветераном спец. служб
20:06
45 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин макроэкономикалык көрсөткүчтөрү кандай? — кооперация жана технологиялык кызматташуу, санариптешүү артыкчылыктуу багыт
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үч эмдин энеси: жалгыз бой болуп, батирде жашасам да балдарым жанымда

Жазылуу
Бактыгүл Камчыбек кызы үч эм балдары менен жаңы конуштардын биринде шарты жок бир бөлмөлүү батирде турат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин каарманы болгон үч эмдин энеси жалгыз бой Бактыгүл Камчыбек кызынын балдары учурда бир жаш алты ай болуп калды. 

Буга чейин редакция 23 жаштагы Бактыгүл үч эм — эки кыз, бир уул төрөгөндүгү тууралуу жазган

Учурда балдардын ал-абалы жакшы. Бирок алар бир бөлмөлүү, эч кандай шарты деле жок батирде жашап күн кечиришет. 

Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам
"Бир жашка чейин үч эм менен балдар үйүндө жашап, ошол жактан чоңойдук. Андан соң батирге чыкканбыз. Алар кичине чоңоюп тамак жеп калганда базарга жумушка чыктым. Балдарды жалдап бирөөгө каратам. Батирге 3500 миң, балдарды караган адамга 6000 төлөп берем. Бирок жумуш бирде болуп, бирде болбойт. Жолдошум боюмда барда, бир айлык кезинде эле ажырашып кеткенбиз. Үч эм төрөлгөнүн билет, бирок келген жок. Үчөөнү жалгыз кароо кыйын эле, бирок балдарымды эч кимге кор кылбай багам, булар менин келечегим да", — деди үч эмдин апасы.

Жалгыз бой эненин тапкан кичине акчасы батир ижарасы менен баккан кишиден ашпайт экен. "Жок дегенде өз үйүм болсо, балдардын кийим-кече, тамак-ашыбызга акчам кененирээк болот" деген эне балдарын эч нерседен кем кылбай, эл катарында чоңойтсом деген үмүттө.

Бактыгүлдүн айтымында, ага убагында өкмөт тарабынан акчалай жардамдар көрсөтүлгөн, бирок ал каражат балдардын майда-чүйдөсүнөн ашкан эмес. Андан кийин да Бактыгүл өкмөттөн жана атка минерлерден жардам сураган

"Кайын журтум менен болгон түшүнбөстүктөрдөн улам үйдөн чыгып кеткем. Өзүмдүн энем күйөөм менен жашашымды каалабагандыктан, ал жакка да бара албайм. Баш калкалай турган жайым жок. Андыктан президенттин жана өкмөт чиновниктеринин ар тараптуу жардамы учурда зарыл болуп турат", — деп айткан Бактыгүл жаңы төрөгөн кезинде. 

Там-туң баскан чүрпөлөрүн бооруна кыскан эне учурда да жардамга муктаж. 

Жаңылыктар түрмөгү
0