БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Майлуу-Сууда жоголуп кеткен 69 жаштагы аялдын денеси анын эски таанышынын үйүнөн табылганын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рустамбек Жумабаев аймактык кабарчыга билдирди.
Анын айтымына караганда, Тамара Гузова аттуу аялдын денеси 17-январь күнү Түлөбердиев көчөсүнүн 50 жаштагы тургуну Ю.Казаков аттуу жарандын үйүнүн артынан табылган.
Анын айтымында, 70 сантиметр тереңдиктен аялдын сөөгү табылган.
"Маркумдун сөөгү жерде бир айдай жатып калган. Үй ээси өлүктү тапкандан кийин гана маркум менен тааныштык жайы бар экенин, сөз талашуудан улам чыр чыкканын айтып берди. Ал буга чейин Гузованын жоголгонуна тиешеси жок экенин айтып келген", — деди Жумабаев.
Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Тамара Гузова шаардын Ленин көчөсүндө жалгыз жашачу. Анын жалгыз кызы Россияда жашайт.
Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.