Аңчылык департаменти жаныбарларды коргоонун ордуна курутабы…

© Влад УшаковТоодогу маралдар. Архив
Тоодогу маралдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аңчылыкты көзөмөлдөгөн департаменттин пайдасынан зыяны көппү? Аны жоюу менен маселе чечилеби? Аңчылыктагы аңыз кептер тууралуу төмөнкү макала сунушталат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Аңчылык департаментин жоюу керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агентигине "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров билдирди.

Белгилей кетсек, аталган маселе бүгүн Жогорку Кеңеште каралып, айрым депутаттар демилгени колдоого алган. 

"Бүгүнкү күндө 20 миңге жакын мергенчи болсо, 100 мамлекеттик, 150 жеке егерлерибиз иштейт. Анан жаныбарларды ким коргойт? Учурда жандыктар атылып, карагайларыбыз кыйылып жатат. Карап көрсөк, жапайы жаныбарларды кырып жиберчүдөйбүз. Ала-Арчада элик, бугу жайнап жүрчү, азыр ал жактан өрдөк көрбөйсүң. Ошондуктан Аңчылык департаментин жаап туруп, Жаныбарларды коргоо департаментин ачууну сунуш кылдым", — деди Сабиров. 

Максат Сабиров: Аңчылык департаментин жоюу керек

Эл өкүлү департаменттин атын өзгөртүү менен кошо жаңы сунуштарды киргизүү керектигин кошумчалады. 

"Учурда 2030-жылга чейин аңчылыкка мораторий киргизүү боюнча мыйзамды даярдап жатабыз. Жаныбарларды дарылоого миллиондогон долларлар коройт. Атып жаткандар менен күрөшпөгөндөн кийин дарылоонун эмне зарылчылыгы бар?" — деди депутат. 

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов жаныбарларды акчага алмашкан туура эмес деген ойдо. 

Дастан Бекешев: жаныбарларды коргогон департамент түзүү зарыл

"Аңчылык департаментин жоюу демилгеси туура. Ачык эле айтышыбыз керек. Биз экологияны карайбыз десек, жаныбарларды коргогон департамент зарыл. Учурда аңчылык боюнча департамент бар да, жаныбарларды коргогон департамент жок. Биз акчага эле көңүл бөлүп жатабыз. Лицензия сатып акча табабыз, болгону ошол. Мындай кылган туура эмес", — деди Бекешов. 

Ысык-Ата капчыгайынын егери Алексей Добров департаменттин атын өзгөртүүдөн эч нерсе өзгөрбөйт деген ойдо. 

Саймалуу-Таш улуттук паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саймалуу-Таштан алтын казуу: тараза ташында тарыхый эстеликтер жана экономика
"Департаменттин атын өзгөртүүдөн эч нерсе өзгөрбөйт. Мурун кандай болсо, ошол бойдон калат. Негизи көйгөйлөрдүн бири — учурда маселени жакшы билген адистер жетишпейт. Дасыккан кесипкөйлөр келип, жаныбарларга тиешелүү шарттарды түзсө жакшы болмок", — деди Добров. 

КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев аталган департаментте коррупциялык схемалар бар деген ойдо. 

"Департаментте көйгөйлөр бар. Алар аңчылыкты көзөмөлдөп, Кызыл китепке кирген жаныбарларды сактоонун ордуна, өздөрү чет өлкөдөн келген аңчыларды тосуп алып, акча алышат. Бул жерде чоң коррупциялык схема бар. Ошондуктан мораторий киргизүү мыйзамын жазганбыз. Бирок өкмөт колдобой жатат. Ага карабай кийинки аптада ЖКга кайра алып келебиз", — деди Акаев. 

Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин директору Алмаз Мусаев Аңчылык департаментинин аты буга чейин эле өзгөргөнүн билдирди. 

"Депутаттар адашып алышты окшойт. Биздин Аңчылык департаменти өзгөргөнүнө үч жылдан ашты. Учурда Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти болуп аталат. Өлкө боюнча аңчылык кыла турган 14 миллион гектар жер бар. Алардын жарымына биз көзөмөлдүк кылсак, калгандары жеке чарбаларга карайт. Аңчылык ошолор караган 7 миллион гектар жерде гана болууда. Биз 2014-жылдан баштап мораторий киргизгенбиз", — деди Мусаев. 

Жизнь села Литковка Омской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргоол атам деген аңчы айыпка жыгылды
Ал аталган департамент токой чарбасы менен жаныбарларды кайтаруу жана көбөйтүү менен алектенерин кошумчалады. 

"Чындыгында биздин департаментке ачуу сындар айтылып келет. Жакында өкмөттүк саат болуп, кенен отчет беребиз. Негизи департамент жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууну жөнгө салуу, чектөөлөрдү киргизүү жана аңчылыкка уруксат кагаздарын берүү менен алектенет. Муну менен катар мурунку аңчылык зоналарын корукка айландырып, системалык түрдө жөнгө салып келе жатабыз", — деди Мусаев. 

Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин адиси Толкунбек Асыкулов департамент жаныбарларды көбөйтүү менен алектенсе жакшы болорун билдирди. 

"Департаменттин аты өзгөрүлгөндөн кийин жаратылышты коргоого жакшыраак көңүл бөлө баштады. Бирок жаныбарлар жок болуп бара жатат. Ошондуктан аңчылыкты токтотуп эле койгонубуз дурус. Ал эми департамент жаныбарларды көбөйтүү менен алектенсе туура болот", — деди Асыкулов. 

Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
National Geographic: Кыргызстан илбирстер үчүн баш калка боло алат
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына ылайык, чет өлкөлүктөр 2016-жылдын январь, февраль айларында 12 баш кулжага, 48 баш тоо текеге жана 9 баш карышкырга аңчылык кылып 8 миллион 895 сом төлөшкөн. Август айынан жылдын соңуна чейин 65 баш кулжа, 283 баш тоо теке, алты баш элик жана сегиз баш карышкыр атуудан 49 миллион 360 миң сом түшкөн.

Жалпысынан чет элдик аңчыларлардан былтыр 58 миллион 255 миң сом киреше түшкөн. Бир жылда өлкө аймагында аңчылык кылууга 32 өлкөдөн 442 аңчы келген. Алардын көпчүлүгү АКШ, Россия жана германиялыктар. 

2015-жылы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды атууга мыйзамсыз уруксат берип мамлекетке 8 миллион 800 миң сом зыян келтирүүгө айыпталып, мекемеге карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0