БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саратов облусундагы жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн жүктөгөн Mersedes Benz автоунаасы Бишкекке багыт алып, жолдо келе жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 15-январда Нижний Новгород — Саратов кан жолунда жүк ташуучу унаа менен кичиавтобус кагышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап калышы мүмкүн деп айтылган. Ал эми рулдагы айдоочу кармалган.
ӨКМдин кызматкерлери каза болгондордун ким экенин жана кайда иштей турганын аныктап, туугандарына кабар берен. 16-январда маркумдарды туугандары таанып, кечки саат 10.00дө Саратовдогу кыргыз диаспорасынын көмөгү менен сөөктөр Mersedes Benz автоунаасы менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн.