БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Россиянын Саратов облусунун Петровский районунда жол кырсыгы катталып беш адам каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча алар Кыргызстандын жарандары экендигин ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 15-январь күнү Петровский районунун Нижний Новгород-Саратов автотрассасынын 547-чакырымында жүк ташуучу Volvo менен Toyota Verso үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жыйынтыгында беш кыргызстандык каза тапкан.
Учурда кырсыктан көз жумгандардын аты-жөнү такталууда.