Москвадагы кыргыз элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылат

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын Россиядагы элчилигиндеги байрак. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчилигиндеги байрак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкектин жанында учактын кыйрашына байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилинде көңүл айтуу китеби ачыларын дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында Гонконг — Стамбул каттамы боюнча учкан учак "Манас" аэропортуна май куюу үчүн конуп жатып кырсыктап, Дача-Суу айылына кулап түшкөн.

Анын кесепетинен 31 адам каза болуп, 23 үй жабыр тартты. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Президенттин Жарлыгына ылайык, 17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп белгиленди

Көңүл айтуу китеби элчиликте 17-18-январь күндөрү саат 10.00дөн 13.00гө чейин, 14.30дан 18.00гө чейин ачык болот. Дареги: Большая Ордынка көчөсү, 64.

Учак кырсыгынын чоо-жайы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кенен таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0