БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Соңку жети жылдын ичинде Нью-Йорктун Ньюарк жана Ла-Гуардия аэропортторундагы учактардын коопсуздугун сактоо максатында 70 миңге чукул канаттуу жок кылынган. Бул туурасында РИА Новости The Guardian басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Аэропорттун ички статистикасы боюнча 2004-2009-жылдары учактар менен канаттуулардын кагышуусу 158 жолу катталган. Ал эми 2007-жылдан ушул күнгө чейин 299 кагышуу болгон.
Маалыматка ылайык, Нью-Йорктун аба мейкиндигинде мындай окуялар маал-маалы менен катталып турат. Айрыкча канаттуулардын жер которуу убагында арбын байкалат. Мындай учурда лазердик жана алыстан үркүтө турган каражаттар колдонулуп келет.
Ал эми аба мейкиндигиндеги учактарга тоскоолдук жараткан канаттууларды кырып салуу сунушун берген демилгечилер, программа жакшы натыйжа берип жатканын айткан.