Жеңиш Ашырбаев: Оштогу аэропортко кеткен жолду жаш балдар ойноп тосуп койгон
Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Жеңиш Ашырбаев ыкчам иликтөөнүн негизинде жолду тоскон беш бала кармалганын билдирди.
"Шаардын чыга беришиндеги Шейит-Дөбө аймагындагы жолго кирпичтер менен дөңгөлөктөр коюлуп тосулуп калган. Аэропорт тарапты көздөй жол тарткан жарандар нааразылыктарын билдирип арыз менен кайрылышкан. Ыкчам иликтөөнүн негизинде беш бала кармалды. Алар 16-17 жаштагы өспүрүм балдар болуп чыкты. Сурак учурунда балдар ойноп жатып вулканизацияда турган эски унаалардын тетиктери менен курулуштан калган кирпичтерди тизип салышканын айтышты", — деди Ашырбаев.
Ал ошондой эле аэропортко кеткен жолдун тосулушунан чоң көйгөй жаралбаганын кошумчалады.