БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү кечинде төрт жаран Бишкектеги жай тургундун үйүнө кирип барып бычактаган соң ири суммадагы акчасын алып кеткен. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине жабырлануучунун туугандары тастыкташты.
Алардын айтымында, окуя кечки саат сегиздер чамасында болгон.
"Үй ээси жалгыз экен, эшик ачык туруптур. Күтүлбөгөн жерден медициналык маска тагынган төрт адам кирип келип, кол салган. Үй ээсине төрт жолу бычак сайган соң, ороого таштап салышыптыр", — дешти алар.
Үй ээси өз алдынча ороодон чыгып, кошуна турган туугандарына барганын кошумчалады.
"Ал кылмышкерлер дагы деле үйдө дегендиктен дароо милиция чакырдык. Алар келгенче из суутуп кетишиптип", — деди тууганы.
Туугандарынын айтымында, үйдөн бир миллион сом жана зер буюмдар жоголгон.
Шаардык милиция азырынча эч кандай маалымат бере элек.