БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Полиция жоголуп кеткен грек элчисинин денесин Рио-де-Жанейродо өрттөнүп кеткен унаанын ичинен тапканын РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Буга чейин Грециянын Тышкы иштер министрлиги Бразилиядагы элчи Кириакос Амиридис жоголуп кеткенин ырастаган.
Globo телеканалы өзүнүн сайтына күйүп кеткен унаанын сүрөтүн чыгарган. Телеканалдын маалыматына караганда, өрттөнгөн унаанын номери элчи ижарага алган унааныкына дал келет. Машина элчи жоголгон Нова-Игуасу муниципалитетинде табылган. Учурда күйгөн адамдын өздүгүн тактоо үчүн экспертиза дайындалды.
Элчинин эмгек өргүүсү келерки жылдын 9-январында расмий түрдө аяктамак.
Ал эми элчиликтин өкүлү Амиридис байланышка акыркы жолу 26-декабрда чыкканын билдирген.
Амиридис 2001-2004-жылдар аралыгында Грециянын Рио-де-Жанейродогу консулу болуп эмгектенген. Ал эми Грециянын Бразилиядагы элчиси болуп 2016-жылдын январь айында дайындалган.