БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. АКШ баштаган коалиция Сириядагы террордук топтор менен "Ислам мамлекети" уюмун колдонгондугу боюнча далилдер бар экенин Түркиянын президенти Тайип Эрдоган айтып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен жазды.
Түрк лидеринин айтымына караганда, коалиция "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы күрөштө өзүнө тиешелүү милдеттерди аткарбай жатат.
"Алар "Ислам мамлекетин колдойсуңар" деп бизди айыптап жатышкан. Учурда өздөрү ИМ менен бир катар террордук уюмдарды колдоп жатышат. Бул ачык эле көрүнүп турат. Бизде муну тастыктаган сүрөт, видеолор бар", — деп Анкарада өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Элдик коргонуу" (YPG) менен "Аялдар коргонуу отряды" (YPJ) "Демократиялык союзга" баш ийип күрд аймактарын террористтерден коргоп келет. Түркия YPG тобун террордук топ деп эсептейт.
Сириядагы куралдуу согуш 2011-жылы башталган. АКШ союздаштары менен биргеликте 2014-жылдан тарта Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операцияларды өлкө бийлигинин уруксаты жок жүргүзүп келет.