00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Ступор, толпа и телефон вместо помощи: разбираем ошибки очевидцев ЧС
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
On air
14:07
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:08
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жалал-Абад кан борбору: донорлор 2-3 айда бир жолу кан тапшырып турса болот

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДень донора в Республиканском центре крови в Казани
День донора в Республиканском центре крови в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кан борбору адамдын өмүрүн сактап калууда чоң роль ойнойт. Донорлорду байма-бай тартуу, кандын запасын туруктуу кармоо үчүн аталган мекемелер такай иш алып барышат.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жакында эле Жалал-Абад шаарында "Кан берип, өмүр тартуула" донорлук акциясы болуп өттү. 100дөн ашык студент кан борборуна келип өз ыктыяры менен кан тапшырган. Иш-чараны Жалал-Абад мэриясына караштуу жаштар комитети жана студенттер уюштурган. 

© Фото / Талгат БакиевЖакында эле Жалал-Абад шаарында "Кан берип, өмүр тартуула" донорлук акциясы болуп өттү.
Жакында эле Жалал-Абад шаарында Кан берип, өмүр тартуула донорлук акциясы болуп өттү. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жакында эле Жалал-Абад шаарында "Кан берип, өмүр тартуула" донорлук акциясы болуп өттү.
© Фото / Талгат Бакиев100дөн ашык студент кан борборуна келип өз ыктыяры менен кан тапшырган.
100дөн ашык студент кан борборуна келип өз ыктыяры менен кан тапшырган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
100дөн ашык студент кан борборуна келип өз ыктыяры менен кан тапшырган.
© Фото / Талгат БакиевИш-чараны Жалал-Абад мэриясына караштуу жаштар комитети жана студенттер уюштурган.
Иш-чараны Жалал-Абад мэриясына караштуу жаштар комитети жана студенттер уюштурган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Иш-чараны Жалал-Абад мэриясына караштуу жаштар комитети жана студенттер уюштурган.
1/3
Жакында эле Жалал-Абад шаарында "Кан берип, өмүр тартуула" донорлук акциясы болуп өттү.
2/3
100дөн ашык студент кан борборуна келип өз ыктыяры менен кан тапшырган.
3/3
Иш-чараны Жалал-Абад мэриясына караштуу жаштар комитети жана студенттер уюштурган.

Аталган акция жана кан тапшырууда келип чыккан жагдайлар боюнча Жалал-Абал облустук кан борборунун башкы дарыгери Нурдин Эрматов айтып берди.

Анын пикиринде, кан тапшыра турган адамдын эң биринчи ден соолугу чың болушу керек. 

"Ыктыярдуу түрдө кан тапшырганы келген жарандар кубандырганы менен алардын организминде кан аркылуу жуга турган оорулар болсо, алардын каны донорлукка жарабайт. Алсак, адамдын кан басымы, кант диабети, анемия, сарык, ВИЧ/СПИД, бруцеллез, безгек, жүрөк, гипертониянын 2-3-баскычы, сифилис жана башка ушул сыяктуу кан аркылуу өтө турган оорулар менен ооруган адамдан кан албайбыз", — деди дарыгер.

Ал белгилегендей аталган акцияга катышкан жаштардын ичинен 50 адам кан тапшырган. Калганы жогорудагы көрсөткүчтөр боюнча талаптан өткөн эмес. Ошондон улам донор болууну каалаган адамдардын саны көбүрөөк болгону оң.

Эрматов донор кылдаттык менен тандаларын белгиледи.

"Адам донор болуп, канын тапшырып кеткенден кийин деле анын канын СПИД борборуна, тиешелүү лабораторияларга жөнөтүп жыйынтыгын алабыз. Эгер кан таза эмес болсо ошол жерден утилизация болуп жокко чыгарылат", — деди ал.

Кан тапшырып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ажалга арачы донорлор — ажат ачкан адамдар
Эрматов маалымдагандай, Жалал-Абад облустук кан борборунда 2016-жылдын 9 айдын отчету боюнча 2300 литр кан даярдалган. Ошондой эле кандын төрт тобу боюнча дайыма запаста тоңдурулган 190 литр плазма турат. 

"Ден соолугу жакшы адамдар кан тапшырса, анын канынын курамы кайра эле 24 сааттын ичинде өз калыбына келет. 2-3 айда бир тапшырса эч кандай коркунуч алып келбейт", — деди Эрматов.

Белгилей кетсек, канды 18 жаштан 60 жашка чейинки адамдар тапшыра алышат. Оорулуулардан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын каны донорлукка жарабайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0